Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

В. Путин АКШ баштаган коалиция менен кызматташарын билдирди


Сириядагы "Ислам мамлекетине" каршы күрөштө, Орусия АКШ баштаган коалиция менен кызматташуу жолунда кала берет, деди орус президенти Путин. Франциянын президенти Франсуа Олланд менен 26-ноябрдагысүйлөшүүдөн кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында эки өлкө Сирия боюнча кызматташуу келишимине келишкенин Владимир Путин маалымдады.

Ошол эле учурда Владимир Путин дос мамлекет катары саналган Түркиянын орус учагын атып түшүрүүсүн чыккынчылык катары баалады. Олландын сөзүнө караганда, эки тарап "Ислам мамлекети" жана катаал террордук багыттагы топторго каршы биргелешип күрөшүүнү макулдашты. Франция Башар Асадга жана "Ислам мамлекетине" каршы күрөшүп жаткан оппозициялык топторго колдоосун күчөтмөкчү. (AiT)

XS
SM
MD
LG