Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Коргонуу кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров, Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын жетекчиси Жаныбек Капаров жана Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Марат Кенжесариев менен бул тармактагы реформа, аскерий түзүлүштү бекемдөө маселесин талкуулады.
Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери улуттук коопсуздукту жана коргонууну камсыз кылууда көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат беришти. Өз кезегинде мамлекет башчы жүргүзүлгөн иштерди ишке ашырууда сапатына көнүл бурууну талап кылды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмүнөн кабарлашты. (КЕ)