Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:06

Насыядан кыйналгандар митингге чыкты


Бүгүн насыя алып төлөй албай калган 15тей соодагер Ак үй алдына митингге чыкты. “Дордой” базарында иштегендер Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргени соода солгундап, насыяны төлөй албай калышканын айтып арызданышууда. Доллар өскөнү насыя төлөөдөгү айырма өтө чоңоюп кеткенин, банктар кысмакка алып жатканын айткан митингчилер мамлекеттен жеңилдиктерди сурап жатышат.

Кыргызстанда соңку учурда доллар баасы кескин кымбаттоодо. Ушул тапта Бишкектеги акча алмаштыруучу жайлардан 1 доллардын баасы сатып алууда 76-77 сомго бааланып жатат. Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 26-ноябрда маалымат жыйын өткөрүп, доллардын өсүүсүнө ортодо акча жасаган чайкоочулар күнөөлүү деп айткан. Расмий курс боюнча 1 доллар 74,14 сом. (КЕ/AzK)

XS
SM
MD
LG