Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

Нарын: айдоочулар өкмөт токтомуна нааразы


Нарындагы автовокзал
Нарындагы автовокзал

Нарын шаарынын 100дөн ашуун ички такси айдоочулары бүгүн шаардык мэриянын жыйындар залына чогулушту. Алар ай сайын төлөй турган 100 сом салыкты жана социалдык фондго берилчү 500 сомду кымбат деп айтышууда.

Шаар бийлиги өкмөттүн 2014-жылы 20-октябрда чыккан токтому менен тааныштырып, ал 8-ноябрдан тарта күчүнө киргендигин түшүндүрдү.

Нарын шаарынын мэри Рахат Адиев такси айдоочуларга өкмөттүн токтомун ар бир жаран аткарууга милдеттүү экенин белгилеп, бул жыйынга чогулуунун өзү мыйзамсыз экенин айтты. Мындан кийин айдоочулар тарап кетишти. (MiK)

XS
SM
MD
LG