28-ноябрда жаан жаабайт. Тоолуу аймактардын автожолдорунда тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10,
Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9,
Баткенде түнкүсүн -3...+2, күндүз 7…12,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10,
Нарында түнкүсүн -7…-12, күндүз 3…8,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23, күндүз 0…-5.
28-ноябрда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…2 градус, күндүзгү жогорку температурасы 11…13 градус жылуу болот. (КЕ)