Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:54

Бангладеш: Мечитке кол салуудан бир адам өлүп, үчөө жараланды


Өлкөнүнүн түндүк бөлүгүндөгү мечиттердин биринде бейшемби күнү кечки намазга чогулгандарга беш чакты адам ок чыгарышкан. Андан бир адам өлүп, үчөөсү жараланды.

Ирандагы демөөрчүлөрдүн каражатына курулган мечитке жасалган бул кол салуу жоопкерчилигин өзүн “Ислам мамлекети-Бангладеш” деп атаган топ алды.

Полиция окуя болгон жерден эки адамды кармады.

Калкынын басымдуу бөлүгүн суннит мусулмандары түзгөн Бангладеште быйыл чет элдиктерге, секулярдык көз караштагы жазуучуларга, шийит жамаатынын өкүлдөрүнө каршы бир нече кол салуулар жасалган.

Адам өмүрү кыйылган бул окуялар Бангладеште диний экстремизм күчөп жатабы, деген тынчсызданууларды жаратууда. (UE)

XS
SM
MD
LG