Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:13

Сегизбаев: визасыз режимди террорчулар колдонуусу мүмкүн


Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак жол" өткөрмө бекети.
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак жол" өткөрмө бекети.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Абдил Сегизбаев 27-ноябрда күч түзүмдөрүнүн координациялык жыйынында билдиргендей, Кыргызстанга визасыз режимди колдонуп, террорчулар кириши мүмкүн деген коркунуч бар.

Атайын кызматтын башчысы мындай коркунучтун себебин Кыргызстан аймагына кирип-чыккан чет элдиктердин иш жүзүндө абдан аз бөлүгү каттоого турары жана “Ислам мамлекети” тобунун катарында Батыш Европа өлкөлөрүнүн жарандары бардыгы менен да негиздеди.

УКМК төрагасы белгилегендей, быйыл 10 айда өлкөгө кирген төрт миллион 101 адамдын ичинен 129 миңи гана каттоого турган.

Бирок өлкө аймагына киргени катталгандардын канчасы чет элдик, канчасы жергиликтүү тургундар экени айтылган жок.

Кыргызстан дүйнөнүн өнүккөн 45 өлкөсүнүн жарандары үчүн визасыз режимди 2011-жылы беш жылдык мөөнөт менен киргизген.

Мындагы негизги максат өлкөгө туристтерди тартуу болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG