Нигериянын Кано шаарындагы шиит мусулмандарынын жүрүшүндө жанкечтинин кол салуусунан бери дегенде 20 киши каза тапты. Расмий бийлик бул терактты “Боко-Харам” экстремисттик уюму уюштурганын айтууда. Полиция жанкечтинин шеригин жардырууга чейин кармоого үлгүргөн. Учурда ал сурак берип жатат.
“Боко-Харам” радикал тобу Нигериянын түндүк-чыгышында жайланышкан. Алар өздөрүн сунни деп эсептеп, шииттерге каршы чабуулдарды уюштуруп келет. Amnesty International укук коргоо уюмунун маалыматында “Боко-Харам” соңку 6 жылда 20 миңге жакын адамды өлтүрүшкөн. Эки миллионго жакын адам кооптуу аймактардан качып кетүүгө аргасыз болгон.