Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

Нарында үстү жабык хоккей аянты курулат


Нарын шаарында эл аралык стандарттагы үстү жабык хоккей аянчасынын курулуш иштери башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарын хоккей биримдигинин президенти Элзар Болотбеков билдирди. Анын айтымында, курулушка 1 млн. 400 миң доллар жумшалат. Бул чыгымды жергиликтүү ишкер Нурбек Ташболот уулу өз моюнуна алган.

Хоккей аянтчасы ушул жылдын аягына чейин ишке берилет, бирок курулушу толугу менен кийинки жылы бүткөрүлөт. Болочок хоккей талаасына эл аралык мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп, муз үстүндө бийлөө, массалык муз тебүү жана хоккей курстары ачылат.

Жергиликтүү бийлик бул хоккей аянтчасына жерди акысыз бөлүп, эки жылдык салыктан бошоткон. Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы акыркы убактарда эл аралык мелдештерге катышып, ийгиликтерге жетишип келет.(MiK)

XS
SM
MD
LG