Бүгүн, 29-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев жумушчу сапар менен Парижге барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын малымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Усенов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, өлкө башчысы 30-ноябрда БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча жыйынында сөз сүйлөйт.
БУУнун глобалдык климатка арналган кезектеги 21-конференциясы 30-ноябрда башталып, 11-декабрда аяктайт. Эл аралык жыйындын максаты – планетанын орточо температурасын эки градустан төмөн кармоо боюнча келишимге кол коюу болуп саналат. Президент Атамбаев 1-декабрда Бишкекке кайтат. (UEz)