Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Улуу Британияда ИМди бомбалоого каршы демонстрация өттү


Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Камерон Сириядагы исламисттерге авиасокуу уруу боюнча демилге көтөргөн.
Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Камерон Сириядагы исламисттерге авиасокуу уруу боюнча демилге көтөргөн.

Миңдеген британдыктар ишембиде Лондон жана башка шаар көчөлөрүнө чыгып, өкмөттүн Сириядагы “Ислам мамлекети” террор уюмуна каршы авиасокку уруу демилгесине каршылыгын билдиришти.

Демонстрация Stop the War Coalition тобу тарабынан уюштурулду. Катышуучулардын бири The Guardian басылмасына сүйлөп жатып, бомбалоо жолу менен Ирак, Ооганстан, Ливиядагы маселелелер чечилбей, тескерисинче радикализм, терроризм күчөп жатканын, андыктан миңдеген британдыктар Сирияга авиасокку урууга каршы экенин билдирди.

Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Камерон 25-ноябрда парламентте сүйлөп жатып, Сириядагы исламисттерге авиасокуу уруу боюнча демилге көтөргөн.

XS
SM
MD
LG