Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:52

Жумабеков: Кадыр Маликовдун абалы орто


Кадыр Маликов сабалгандан кийин ооруканада
Кадыр Маликов сабалгандан кийин ооруканада

Белгисиз адамдар тарабынан бычакталган диний аалым Кадыр Маликовдун абалы оор, бирок туруктуу. Бул тууралуу Травматолгия жана ортопедия илим изилдөө борборунун башчысы Сабыр Жумабеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Маликов ооруканада дагы он күндөй дарыланышы керек.

26-ноябрда Кадыр Маликов менен эки белгисиз жаран ортосунда чыр чыгып, анын жаагына бычак сайылан. Ага №4 ооруканада операция жасалган. Маликов “Дин, укук жана саясат” талдоо борборунун жетектейт. Ал такфиристтерге, диний экстремизмге каршы чыккан аалымдардан. Милиция бул кол салуу анын ишмердүүлүгүнө тиешеси жок экенин айтып жатат. Бирок Кадыр Маликов кол салгандар “Аллаху акбар” деп кыйкырганын жүйө кармап, радикалдардын өч алуу аракети катары баалоодо. Милиция мурда “бейбаштык” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишин “адам өмүрүнө кол салуу” деп өзгөрттү.

Милиция кылмышка шектүү катары 1987-жылы Нарында туулган Тилек уулу Алибекти жана 1986-жылы Ошто туулган Ырыскул Бейшеналиевди издеп жатат. (UЕz)

XS
SM
MD
LG