Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Мигранттар македон полициясы менен мушташты


Грек-македон чек арасындагы мигранттар
Грек-македон чек арасындагы мигранттар

Африка жана Жакынкы Чыгыштан келген 20 чакты мигрант ишемби күнү грек-македон чек арасында полиция менен мушташты. Жаңжалдан эки македон тартип сакчысы башынан жаракат алды.

Македон аскерлери грек чек арасына зым тосмо орнотуп баштаганда топтолуп турган 250 чамалуу мигрант аларга таш ыргыткан. Македония бийлиги чек ара толук жабылбасын, мигранттар белгиленген өткөрмө жайларынан гана өтөрүн айтууда. Учурда Ирак, Сирия жана Оганстандан келген качкындар гана Европа өлкөлөрүнө киргизилип жатат. Полиция менен кагылышкандар Марокко, Иран, Пакистен жана Алжирден келишкен.

Эл аралык уюмдардын маалыматында жыл башынан бери Европага кетчү жолдун тоомунда жайгашкан Грекияга 721 217 адам, анын ичинен 388 130 сириялык кирген.

XS
SM
MD
LG