Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:19

Атамбаев Парижге иш сапары менен учуп кетти


Бүгүн, 29-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев жумушчу сапар менен Парижге учуп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттын малымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Усенов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, өлкө башчысы 30-ноябрда БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча жыйынында сөз сүйлөйт.

Өлкө башчысы мындан сырткары Парижде 13-ноябрдагы теракт курмандыктарынын эстелигине гүлчамбар коет.

БУУнун глобалдык климатка арналган кезектеги 21-конференциясы 30-ноябрда башталып, 11-декабрда аяктайт. Эл аралык жыйындын максаты – планетанын орточо температурасын эки градустан төмөн кармоо боюнча келишимге кол коюу болуп саналат. Президент Атамбаев 1-декабрда Бишкекке кайтат. (UEz)

XS
SM
MD
LG