Сирия-Түркия чек арасында атып өлтүрүлгөн орус учкучу Олег Пешковдун сөөгү мекенине кайтарылат. Бул тууралуу түрк өкмөт башчысы Ахмет Давутоглу билдирди. Анын айтымында, учкучтун жасаты орус тараптын өтүнүчүнүн негизинде берилет жана ага Хатай аймагында чиркөө кызматкерлери тарабынан тиешелүү диний жөрөлгөлөр жасалган.
Орусиянын Анкарадагы пресс-атташеси Игорь Митяковдун ырасташынча, учкучтун сөөгүн элчиликтин аскер атташеси коштоп барат. Сөөк Анкарадан Орусияга качан жөнөтүлөрү белгисиз.
Орусиянын Су-24 аскер учагы Сирия-Түркия аба чек арасында түрктөр тарабынан атып түшүрүлгөндө учкуч Олег Пешков окко учуп, экинчиси аман-эсен куткарылган. Учкучтарды издөө операциясында дагы бир орус аскери каза тапкан.
24-ноябрда Түркия-Сирия чек арасынан Орусиянын СУ-24 аскер учагын атып түшүргөндөн бери эки өлкөнүн мамилеси сууп баратат. Түрк бийлиги орус учагы аба мейкиндигин бузганын айтса, расмий Кремл муну жокко чыгарып келет.