Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:58

Түркия: Орусиялык учкучтун сөөгү орус дипломаттарына тапшырылды


Орусиялык учкуч Олег Пешковдун сөөгү Сириянын Хатай провинциясынан Анкарага жеткирилди
Орусиялык учкуч Олег Пешковдун сөөгү Сириянын Хатай провинциясынан Анкарага жеткирилди

Жекшембиде орус учкучу Олег Пешковдун сөөгү Сириянын Хатай провинциясынан Анкарага жеткирилди. Сөөктү орус элчилигинин аскерий атташеси коштоп келип, Анкарада Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов баштаган дипломаттар тобу тосуп алды.

Мурдараак Түркиянын премьер-министри Ахмет Давытоглу учкучтун жасаты орус тараптын өтүнүчүнүн негизинде берилерин жана ага Хатай аймагында чиркөө кызматкерлери тарабынан тиешелүү диний жөрөлгөлөр жасалганын айткан.

Орусиянын Су-24 аскер учагы Сирия-Түркия аба чек арасында түрктөр тарабынан атып түшүрүлгөндө учкуч Олег Пешков окко учуп, экинчиси аман-эсен куткарылган. Учкучтарды издөө операциясында дагы бир орус аскери каза тапкан.

24-ноябрда Түркия-Сирия чек арасынан Орусиянын СУ-24 аскер учагын атып түшүргөндөн бери эки өлкөнүн мамилеси сууп баратат. Түрк бийлиги орус учагы аба мейкиндигин бузганын айтса, расмий Кремль муну жокко чыгарып келет.

XS
SM
MD
LG