Ядролук программасы боюнча келишимге жетишилип, санкциялар алынышына байланыштуу Иран мунай боюнча контракттардын жаңы моделин сунуштады. Ага байланыштуу 28-ноябрда Тегеранда өткөрүлгөн конференцияга дүйнөлүк энергетикалык компаниялар катышты. Бирок алардын катарында америкалык компаниялар болгон жок.
Жаңы шарттарга ылайык чет өлкөлүк инвестчилер узак мөөнөттүк келишимдерде көбүрөөк пайда табууга мүмкүнчүлүк алат. Мунай кору боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турган Иран 30 млрд. долларга долбоорлорду сунуштады. Санкциялар алынып салынгандан кийин Иран мунай казып алууну көбөйтөрүн билдирген. (AiT)