Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык фондунан кабарлашты. Маалыматка караганда, 26-ноябрда Рим шаарындагы Капитолий дөңсөөсүндөгү Кампидолия сарайында “Минерва – 2015” сыйлыгын тапшыруу аземи болду. Анда тынчтык менен эл аралык коопсуздукту сактоого, демократияга кошкон салымы жана саясий ишмердиги үчүн Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева сыйланган. Италиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Лука Жианзанти сыйлыкты тапшырып жатып, Отунбаеванын өлкөнүн өнүгүшүнө, демократияны орнотууга кошкон салымын жогору баалады. “Минерва – 2015” сыйлыгы Эл аралык Гаага сотунун судьясы Жойс Алуочко да ыйгарылды.
Сыйлык 1983-жылы "Il Club delle Donne" коммерциялык эмес уюму тарабынан уюштурулган. Ал эч бир тоскоолдуктарга карабай коомду алдыга сүрөп, билимге, жаңы баалуулуктарга шыктандырган Италиядагы жана дүйнөдөгү аялдарга жыл сайын берилет.
Буга чейин ага Европарламенттин биринчи аял президенти Симона Вейл, БАЭнин тышкы соода министри Шейха Лубна Аль-Касими, ФЕМНЕТтин президенти Мама Коите Думбия, ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Бокова, Ирандагы алгачкы аял вице-президент Масуме Эбтекар жана башка чыгаан аялдар татыган.
Сыйлыктын төш белгиси алтын, асыл таштан жасалган жана Минерванын (Рим мифологиясындагы акылдуулук кудайы) башынын сөлөкөтү түшүрүлгөн жасалга менен кооздолгон. (КЕ)