Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:25

ИИМ: Маликовго кол салууга шектүүлөр Сирияга кетип бараткан


Дин таануучу Кадыр Маликовго кол салууга шектүүлөр
Дин таануучу Кадыр Маликовго кол салууга шектүүлөр

Түркиянын Газиантеп шаарында кармалган Кыргызстандын эки жараны Сирияга баратканы ыкчам-иликтөө иштердин натыйжасында аныкталды. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Рахманов билдирди. Анын айтымында, кармалгандар кайсы топко же уюмга мүчө экени теологиялык экспертизадан өткөндөн кийин белгилүү болот. Бирок алардын кайсы бир олуттуу экстремисттик топко катышы бар экендиги, кылмышка күн мурунтан даярдангандыгы жана өлкөдөн чыгып кетүүгө да алдын ала кам көргөнү аныкталган.

Түрк полициясы менен бирдикте Газиантептен кармалгандар дин таануучу Кадыр Маликовго кол салган деп шектелүүдө. Мындан сырткары Бишкектеги милициянын өлүмүнө катыштыгы болушу ыктымалдыгы айтылууда. Буга чейин УКМК Казакстан, андан кийин Түркияга качкан Нарын шаарынын тургуну 1987-жылы туулган Тилек уулу Алибек, 1986-жылы туулган Ош облусунун Ноокат районунун тургуну Ырыскул Бейшеналиев “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун жактоочулары экенин кабарлаган.

26-ноябрда кечке жуук Кадыр Маликовдун үйүнүн алдында белгисиз адамдар менен чыккан чырда анын жаагына бычак сайышкан. Маликов муну радикал топтордун өз өмүрүнө кол салуу аракети деп атаган.

Ал эми 19-ноябрь күнү кечки саат сегиздер чамасында белгисиз эки жаран 27 жаштагы милициянын кенже лейтенанты Актилек Абдувалиевди документ текшерүүгө аракет кылган учурда кол салып, атып кетишкен. (КЕ/МТо)

XS
SM
MD
LG