Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:49

БУУнун саммити Париж курмандыктарын эскерүү менен башталды


АКШ президенти Барак Обама, Франциянын лидери Француа Олланд жана Париждин мэри Энн Идальго Париж курмандыктарын эскерүүдө. 30-ноябрь, 2015-жыл
АКШ президенти Барак Обама, Франциянын лидери Француа Олланд жана Париждин мэри Энн Идальго Париж курмандыктарын эскерүүдө. 30-ноябрь, 2015-жыл

Франция борбору Парижде Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу 21-конференциясы башталды. Ал 130 адамдын өмүрүн алган 13-ноябрдагы теракт курмандыктарын эскерүү менен башталды. Франция президенти Француа Олланд терроризм менен климаттын өзгөрүшү бирдей орчундуу маселе экенин белгилеп, убагында көңүл айткандарга ыраазычылык билдирди.

БУУнун бүгүнкү саммитине 150дөн ашуун мамлекеттин президенттери жана өкмөт башчылары катышууда. Бул ири иш-чарага Кыргызстандан президент Алмазбек Атамбаев баштаган делегация да барды. Атамбаев бүгүнкү жыйында айлана-чөйрөнү коргоо боюнча сөз сүйлөйт. (КЕ/ZKo)

XS
SM
MD
LG