Парижде БУУнун климаттык өзгөрүүлөр боюнча саммити ачылардан бир канча саат алдың АКШ президенти Барак Обама 13-ноябрдагы террордук чабуулдардын курмандыктарын эскерди. Барак Обама Франция президенти Франсуа Олланд жана Париждин мэри Анн Идальго менен чогуу «Батаклан» концерттик залынын жанына гүлчамбарларды койду. Жанкечти чабуулу менен согушкерлердин кол салуусунан 13-ноябрда дал ушул жерде 90 адамдын өмүрү кыйылган. Жалпысынан 130 өмүрдү алган ошол күнкү террордук чабуулдардан соң Франция өлкөдө өзгөчө абал жарыялаган.
Канада премьер-министри Жастин Трюдо да француз өкмөт башчысы Мануэл Вальс менен "Батакланда" курман болгондорду эскерди.