Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:50

Тажикстанда Ислам партиясынын мүчөсү 9 жылга кесилди


Тажикстан -- Ислам кайра жаралуу партиясынын камалган мүчөлөрүнүн айрымдары.
Тажикстан -- Ислам кайра жаралуу партиясынын камалган мүчөлөрүнүн айрымдары.

Тажикстандын Жогорку Соту тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын Фархор райондук бөлүмүнүн башчысы Хасан Рахимовду 9 жылга эркинен ажыратты. Бул аталган партиянын бир канча мүчөсү кармалган сентябрдан берки алгачкы сот өкүмү болду. "Азаттыктын" тажик кызматы жабык өткөн соттун мындай өкүмү 27-ноябрда чыкканын бүгүн кабарлады. Рахимовго расалык жана диний кастыкты козуткан, мыйзамсыз курал сактаган деген айыптар тагылган.

Ислам кайра жаралуу партиясынын ишмердигин тажик бийликтери быйыл августтун этегинде токтоткон. Өлкөнүн Жогорку Соту 29-сентябрда аны террордук деп таап, ишмердигине тыюу салган.

Тажик Башкы прокуратурасы октябрда бул партиянын 13 мүчөсүн коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзода уюштурган козголоңго катышкан деп камаган. Милиция бөлүмдөрүнө жасалган чабуул үчүн айыпталган Назарзода 16-сентябрда атайын операция учурунда өлтүрүлгөн эле.

XS
SM
MD
LG