Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:28

Парижде Обама менен Путин жолугушту


Франция -- Обама менен Путин. Париж, 30-ноябрь, 2015
Франция -- Обама менен Путин. Париж, 30-ноябрь, 2015

АКШ жана Орусия президенттери Барак Обама менен Владимир Путин Парижде бүгүн БУУнун саммити алкагында кездешти. Алдын-ала белгиленбеген бул сүйлөшүү жабык өтүп, жарым сааттай созулган.

Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков эки лидер Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүп, Обама өткөөл жараян учурунда президент Башар Асад кызматтан кетиши зарылдыгын белгилеген. АКШ президенти Орусиянын Су-24 учагын түрк аба күчтөрү атып түшүрүшүнө байланышкан чатак боюнча өкүнүч билдирип, ошол эле учурда Орусия лидерин Түркияга карата басымды азайтууга да чакырган. Эки президент мындан сырткары Украина чыгышындагы ок атышууну токтотуу боюнча келишимдин аткарылышын да талкуулашкан.

XS
SM
MD
LG