Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Өзбек соту ИМге кошулмакчы болгону шектелген эки жаранды бошотту


Сурхандарыя облустук соту "Ислам мамлекети" тобу менен байланышы үчүн шектелип кармалган эки жаранды сот залынан бошоткону кабарланууда. Жергиликтүү жарым расмий басылмалардын жазышынча, Юсуф Эсонтурдиев менен Абдурахмон Эшкобилов Сирияга кетүүгө камынып жатканда кармалган. Аталган соттун өкүлүнө таянуу менен берилген маалыматта, Шурчи районунун үч тургуну - Рахматилла Эсонтурдиев, Юсуф Эсонтурдиев жана Абдурахмон Эшкобилов 2013-жылы Орусиянын Дагестан Республикасына иш издеп барган.

Алардын бири Рахматилла Эсонтурдиев ошол жактан Сирияга кетип, "Ислам мамлекети" тобунун согушкерлерине кошулат. 2015-жылы Орусиядан мекенине кайткан калган эки шеригин ал Сирияга "жихадга" чакырат. Аларды Анжиян облусу аркылуу Кыргызстанга өтүп, андан ары Түркия аркылуу Сирияга келүүгө кеңеш берет. Бирок тартип коргоо органдары аларды Шурчи-Ташкент автобусунда баратканда кармап калышат.

Соңку жумаларда Өзбекстанда Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук тобу менен алакада болгон деген айып менен 200дөн ашуун адам кармалды.

XS
SM
MD
LG