Казакстан Дүйнөлүк соода уюмунун 162-мүчөсү болгону 30-ноябрда жарыяланды. Жыйырма жылга созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Борбор Азиянын ири экономикасы Дүйнөлүк соода уюмуна толук кандуу мүчө болуп калды. Тийиштүү документтерди Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөлөрү тарабынан түзүлгөн жумушчу топ 22-июнда жактырып, 27-июлда Башкы кеңеш тарабынан бекитилген. Казакстан Орусия башында турган Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү. Өлкөнүн өнөр жай жана айыл чарбасы салыштырмалуу өнүккөн эмес, республиканын алдыга жылышы мунай баасына байланыштуу. (AiT)