Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:35

АКШ элчилиги Кабулга “кол салуу” даярдалып жатканын эскертти


Ооганстандагы америкалык жарандарга 30-ноябрда кайрылган элчилик Кабулда 48 сааттын ичинде “сөзсүз кол салуу болорун” эскертти. Жарандарды “коркунуч күчөгөн мезгилде” өтө сак болууга үндөдү. Эскертүүдө кол салуу кандай жол же ыкма менен болушу айтылган эмес.

АКШ элчилигин веб-сайтына коюлган маалыматта “Ооганстандын коопсуздук абалы өтө туруксуз, АКШнын жарандарына коркунуч жогорку деңгээлде” экени белгиленген. Эскертүү Парижде Ооганстан жана Пакистан лидерлери жолугушар алдында келип жатат. Жолугушуу болуп калган болсо, анда бул Пакистандын ортомчулугу астында ооган бийлиги менен талиптердин тынчтык сүйлөшүүсүн кайра жандантууда маанилүү кадам болуп калмакчы. (AiT)

XS
SM
MD
LG