НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Ооганстандагы өкмөттүк күчтөр талиптерге жана өзүн "Ислам мамлекети" атаган жоочуларга каршы “туура жолдор менен мыкты күрөшүп жатканын” ырастады. Брюсселде “Азаттыкка” 30-ноябрда берген интервьюсунда Йенс Столтенберг, ооган күчтөрү “өтө жөндөмдүү жана үйрөтүлгөн” болуп чыкты, НАТО аларды“машыктырат, ар тараптуу жардамын, кенешин берүүнү улантат”, деди.
Анын айтымында, НАТО министрлери Ооганстан аскерлерин 2016-жылдын аягына чейин колдоо боюнча чечимди бекитишмекчи. Столтенберг Кундуз, Фарьяб жана Бадахшан провинцияларында жоочулардын активдешкенине карабай, аларга каршы Оогастанда жаңы аскерий операция жүргүзүү каралбаганын белгиледи. (AiT)