Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

Кыргызстанда конституциялык реформа талкуулана баштайт


Башмыйзамдын өзгөртүлүшүнө каршылардын акциясы.
Башмыйзамдын өзгөртүлүшүнө каршылардын акциясы.

1-декабрда Бишкектеги “Достук” мейманканасында Kонституцияны өзгөртүүгө байланыштуу тегерек стол жыйын болот. Ага саясий партиялардын, парламенттеги фракциялардын лидерлери, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, саясатчылар чакырылышты. Тегерек стол жыйын “Ар намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов түзгөн “Мамлекеттик реформа жана долбоорлорду колдоо үчүн” коомдук комитет тарабынан уюштурулууда.

Президент Алмазбек Атамбаев 6-ноябрда Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө республиканы 2017-жылдагы президенттик шайлоого чейин толук парламенттик башкаруу системасына өткөрүүнү сунуштаган. 1-декабрдагы тегерек столдо Kонституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор сунушталмакчы. (AiT)

XS
SM
MD
LG