Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

Париж саммитинде Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөдү


Климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу дүйнөлүк саммитте сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстан президенти планетанын жылуусу алып келе турган коркунучтарды атады:

- Божомолдор боюнча 2025-жылга карай Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты орто эсеп менен 30-40% кыскарат. Анын натыйжасында Борбор Азиядагы дарыялардын суусу 25-35%га азайат. 2100-жылга карай Кыргызстандын мөңгүлөрү жердин картасынан жок болушу мүмкүн.

Кыргызстан президенти климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөштө кайра калыбына келүүчү энергияны колдонууну, тоолордогу экосистеманы коргоону, суу ресурстарын сарамжал пайдаланууну сунуштады. Климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу саммит 30-ноябрда Франция борборунда болду. (AiT)

XS
SM
MD
LG