"Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" Эл аралык V фестивалынын калыстар тобунун төрагасы Өзбекстандын көркөм өнөрүнө эмгек сиңирген ишмер, Хамзa атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, режиссер-сценарист Али Хамраев болот. Бул тууралуу кароо-сынакты уюштуруучулары маалымдады. Хамраев мындан сырткары фестивалдын алкагында жаш режиссерлорго устаттык саат өткөрөт.
Кыргызстандык көрүүчүлөр Али Хамраевди “Жетинчи ок” жана “Жансакчы” аттуу тасмалары аркылуу билишет. Ал 2014-жылы Кыргызcтандын Улуттук “Ак илбирс” киносыйлыгынын “Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн” багыты боюнча сыйланган. Үч күнгө созулган кинофестиваль 12-декабрда “Манас” кинотеатрында кыргызстандык режиссер Гузел Дуйшенкулованын “Тазалыктын балдары” аттуу тасмасы менен башталат. Кароо-сынакка катышуу үчүн КМШ, Балтия жана Грузия мамлекеттеринен 300 тасма келип түшүп, алардын ичинен 13 тасма фестивалга катышууга тандалып алынган.(ZA)