Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:56

ЭФК Кытай юанына резервдик валюта макамын ыйгарды


Кытай юаны. 1-декабрь, 2015-жыл.
Кытай юаны. 1-декабрь, 2015-жыл.

Эл аралык Валюта кору жарыялагандай, Кытайдын улуттук акчасы резервдик валюта макамы үчүн талап кылынган критерийлердин баарын аткарды.

Валюта корунун чечими 2016-жылдын октябрынан тарта күчкө кирет.

Кордун төрайымы Кристин Лагарддын айтымында, бул чечим Кытайдын экономикасын глобалдык каржы системасына интеграциялоодогу “маанилүү бурулуш учур”.

Кытайдын Улуттук банкы Валюта корунун кадамы эл аралык коомчулук Бээжинден “дүйнөлүк экономикада чоңураак роль ойноону” күтүп жатканын көргөзгөнүнө көңүл бурду.

Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан эл аралык валюта корунун резервдик валюта тизмесине буга чейин америкалык доллар, жапон йени, британ фунту киргизилген. (UE)

XS
SM
MD
LG