Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Германия ИМ тобуна каршы эл аралык коалицияга кошулат


Германия өкмөтүнүн чечимин эми Бундестаг жактыруусу керек.
Германия өкмөтүнүн чечимин эми Бундестаг жактыруусу керек.

Германия Сириядагы “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшүп жаткан эл аралык коалицияга кошулуусун караган планды бүгүн немис өкмөтү жактырды.

Министрлер жактырган план боюна Германия коалицияга 1200гө чейин сандагы аскерин бере алат. Бирок бул планды али парламент жактыруусу керек.

Немис парламенти маселени качан карары белгисиз. Анда канцлер Ангела Меркелдин башкаруучу коалициясы добуштардын басымдуу бөлүгүнө ээ.

Парижде 13-ноябрда жасалган террордук чабуулдардан кийин Меркел Франциянын “Ислам мамлекети” тобуна каршы Сириядагы операцияларына жардам көргөзүү өтүнүчүн аткарууга макул болгон.

Берлин бул максатта чалгынчы жана май куйуучу учактарын, аскер кемесин жөнөтүүнү мерчемдөө.

Бирок тикелей согуштук аракеттерге активдүү катышууну каалабайт.

Немис тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмейр “Билд” гезити менен маегинде ал Германиянын 1200 аскери “ИМ” тобуна каршы коалициянын операцияларына бир учурда аралашуусу эч күтүлбөсүн айткан. (UE)

XS
SM
MD
LG