Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:27

АКШ Иракта ИМ тобуна каршы аракеттерин кеңейтет


Эштон Картер жана генерал Жозеф Данфорд Конгресс комитетиндеги жыйында. Вашингтон, 1-декабрь, 2015-жыл.
Эштон Картер жана генерал Жозеф Данфорд Конгресс комитетиндеги жыйында. Вашингтон, 1-декабрь, 2015-жыл.

Коргоо министри Эштон Картер бул тууралуу бүгүн Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын Аскерий иштер боюнча комитетинде сүйлөгөн учурунда билдирди. Ал Иракта “Ислам мамлекети” тобуна каршы кеңейтилүүчү аракеттердин чоо-жайын көп чечмелеген жок, бирок кошумча жиберилүүчү атайын күчтөр Иракта да, Сирияда да рейддерди жүргүзө аларын белгиледи.

Картер жана АКШ армиясындагы штаб башчылардын Бириккен комитетинин төрагасы, генерал Жозеф Данфорд Конгресс мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, ИМ тобуна каршы күрөштүн келечеги боюнча оптимисттик көз караштарын айтышты.

АКШнын азыр Иракта 3500дөй жоокери бар. Алар жакында жергиликтүү күрт күчтөрүнө жана башка аскерий бөлүктөргө стратегиялык Синжар шаарын алууда жардам беришти.

Коргоо министри Картердин айтымында, аскерлердин Иракка жиберилип жаткан атайын бөлүгү жергиликтүү күчтөргө колдоо көргөзүп, рейддерди өткөрөт, барымтада калгандарды куткарат, чалгын маалыматтарын жыйнайт, “Ислам мамлекети” тобунун лидерлерин колго түшүрүү же өлтүрүү максатын көздөйт. (UE)

XS
SM
MD
LG