Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:07

Жалал-Абадда экстремизмдин алдын алуу маселеси талкууланды


Жалал-Абадда экстремизм-терроризмдин алдын-алууга багытталган жыйынга 800дөн ашуун киши катышты. Жаштарга Сирияга азгырылгандар жана радикализмдин кесепети тууралуу маалыматтар берилип, видеоролик көрсөтүлдү. Жыйынга Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси Максат Токтомушев, УКМК, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Жыйын облустук Ички иштер башкармалыгынын "Мекеним менин - Кыргызстан" долбоорунун негизинде диний абалды жакшыртуу, диний радикализмди жайылтууга жол бербөө максатында уюштурулган. Ушундай эле жолугушуулар облустун район, айылдарында да өтөт.

Расмий маалыматтарга караганда, учурда укук коргоо органдарында Кыргызстанда 1 777 киши экстремисттик уюмдарга катышы бар деп каттоодо турат. Алардын ичинен 1386 киши "Хизб ут-Тахрир" уюмунун, калгандары башка агымдардын мүчөлөрү болуп саналат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG