Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:25

Соодагерлер Ак үй алдына пикетке чыкты


Доллардын кымбатташына жана сооданын солгундап кеткенине нааразы 30дай соодагер бүгүн Ак үй алдына пикетке чыгышты. Алар “Дордой” базары келерки жылы толук жабылып калышы ыктымалдыгын, банктан доллар менен алган насыяларын төлөй албай калышканын айтып бийликтен жардам сурашууда. Алардын бири Нурайым Эшпаева төмөнкүлөргө токтолду.

-Мен “Дордойдо” беш жылдан бери соода кылам. 2014-жылы сомдун үстөк пайызы кымбат дегенинен доллар менен 17 миң доллар насыя алгам. Ошондон бери курс өсүп, казактар, тажиктер да бизге соода кылганга келбей калды. Соодабыз жүрбөй, насыяны төлөй албай калдык. Биздин үнүбүздү угуп, айласын тапса деген ойдобуз.

Бүгүн митингге чыккандар өкмөткө жана Улуттук банкка жеңилдиктерди караштырган механизм иштеп чыгуу талабын коюп жатышат. Алардын айтымында, бул багытта соодагерлер кол топтой баштады.

Доллар курсунун өскөнүнө байланыштуу Улуттук банк бюджеттик кызматкерлердин доллар менен алган насыяларын сомго трансформациялоо боюнча механизмдерди бир апта ичинде иштеп чыкканы жатат. Буга ишкер же соодагерлер кирер-кирбеси белгисиз. (КЕ)

XS
SM
MD
LG