Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:24

Цукерберг кыздуу болду


Фейсбук социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг 1-декабрь күнү кыздуу болду. Ал аялы Прицилла Чан менен Фейсбуктан түшкөн миллиарддаган кирешесинин 99 % кайрымдуулукка бермей болушканын да жар салды.

Дүйнөнүн эң жаш миллиардерлеринин бири, 31 жаштагы Цукербергдин компаниясы азыр жалпысынан болжол менен 45 миллиард долларга ээ.

Мындай билдирүүнү жубайлар наристенин төрөлүшүнө байланыштуу Фейсбук баракчасына жазышты. Акчанын баары адамзатты өнүктүрүү, теңчилик, билим берүү, оорулардын алдын алуу жана Интернет байланышын өнүктүрүүгө жумшалат дешет жаш ата-энелер.

Ушул жылы Чан менен Марк кайрымдуулукка 1,6 миллиард доллар жумшашса, жылына 1 миллиард доллардан садага чаап турушмакчы.

XS
SM
MD
LG