Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:10

Орусия чет элден дары сатып алууга тыюу салды


Орусия өкмөтү Евразия экономикалык биримдигине кирбеген башка өлкөлөрдөн дары сатып алууга тыюу салды. Бул тууралуу токтом 30-ноябрда өкмөттүн расмий сайтына жарыяланды.

Мындан ары Орусия дары сатып алууну Беларусия, Казакстан, Кыргызстан жана Армениядан башка бардык өлкөлөрдөн токтотот.

Бул чечим жергиликтүү дары өндүрүшүн колдоо максатында кабыл алынды деп жазылат токтомдо.

Чет элдик дарыларды сатып алууну токтотуу боюнча токтом долбоору 2015-жылдын февралында эле даярдалган. Анда дары-дармек гана эмес чет өлкөдөн медициналык техникаларды да албоо сунушталган. Бирок сентябрь айында орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Орусияда чет элдик медициналык жабдуулардын түрлөрү жасалып чыкмайынча, азырынча дары-дармекке гана тыюу салынат деген чечим чыгарган.

XS
SM
MD
LG