Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:48

Тажикстан доллардын наркын бир калыпта кармоо үчүн юан колдонот


Тажик Улуттук банкы валюта базарындагы олку-солкулукту жөнгө салуу максатында бир миллион юанды сатыкка чыгарат. Бул тууралуу бүгүн мажилистин төмөнкү палатасынын жыйынында Улуттук банктын төрагасы Жамшед Нурмухаммадзода билдирди. Анын айтуусунда, мындай чара Кытайдан жүк ташып келген ишкерлерге улуттук валютаны юанга тоскоолдуксуз алмаштырууга шарт түзөт.

Быйыл сентябрда расмий Дүйшөмбү менен Бээжин импорттук жүктөр үчүн сомонини кытай валютасына оңой алмаштыруу боюнча келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Кытай бийлиги жакынкы үч жыл аралыгында Тажикстанга 500 миллион доллар бөлүп бермекчи. Жыл башынан бери өлкөдө улуттук валюта – сомонинин куну түшүп, доллар кескин көтөрүлүп кетти. Азыркы тапта 1 доллар орто эсеп менен 6,5 сомониге барабар болууда. (КЕ/NT)

XS
SM
MD
LG