Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:15

Жон Керри: НАТОго мүчө өлкөлөр “ИМ” тобу менен күрөшүүнү күчөтөт


Жон Керри, Брюссел, 2-декабрь, 2015-жыл
Жон Керри, Брюссел, 2-декабрь, 2015-жыл

Америка Кошмо штаттарынын мамлекеттик катчысы Жон Керри НАТОгө мүчө өлкөлөр “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу менен күрөшүүнү мындан ары да күчөтөрүн билдирди.

Бүгүн Брюсселде болуп жаткан Түндүк Атлантика альянсынын тышкы иштер министрлеринин жыйынында АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Сирия менен Ирактагы “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери менен күрөшүү үчүн дагы көбүрөк өлкөлөр сокку урууга тийиш деди.

Германия өкмөтү жакында эле Жакынкы Чыгышка согуштук күчтөрүн жиберип, кошумча колдоо көрсөтүү чечимин жактады. Британ парламенти Сирияга абадан сокку уруу боюнча Дэвид Кэмерондун сунушун бүгүн добушка салат.

Керринин айтымында, НАТОго мүчө өлкөлөр мындан ары да бул маселе боюнча талкууларды уюштурат. АКШ мамкатчысы британ өкмөт башчысынын парламентке жасаган сунушуна ыраазычылык билдирип, муну өтө маанилүү кадам катары баалап, кол чабуулар менен рахматын айтты.

XS
SM
MD
LG