Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:59

Ош: чоң атасы жарадар кылган балдардын абалы жакшы


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облусуна караштуу Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Кеңеш Рахманов билдирди.

30-ноябрда 1967-жылы туулган Өзгөндүн Зергер айылынын тургуну өзүнүн 1986-жылы туулган баласын атып салган. Ал алган жараатынан мерт болгон. Рахмановдун белгилешинче, ата-баланын ортосунда чыр чыгып, андан төрт жана эки жаштагы небереси да жабыр тарткан. Убагында аларга медициналык жардам көрсөтүлүп, азыр абалы дурус.

Алдын ала маалыматка караганда, атасы үйүн банкка күрөөгө коюп насыя алып, акчасын жок кылып койгон. Ага жини келген баласы үйдөн балдарын алып чыгарда чатак чыккан.

Баласын атып өлтүргөн жаран ошол эле күнү убактылуу кармоочу жайына камалып, “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. (КЕ)

XS
SM
MD
LG