Тышкы иштер министрлигинен 2-декабрда маалымдашкандай, Европа коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин 3-4-декабрда Сербия борборунда боло турган жыйынына Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев катышат. 57 мүчөсү бар ЕККУнун Тышкы иштер министрлеринин 22-кеңешмесинде эл аралык терроризмге каршы күрөшүү жана уюмду өркүндөтүүгө байланыштуу документтер каралат. ЕККУда азыркы кезде Сербия төрагалык кылат. Андан кийин кезек Германияга өтөт. (AiT)
Кыргызстандын тышкы иштер министри ЕККУнун Белграддагы жыйынына катышат