Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:12

Футзал: Азия чемпиондугунда Кыргызстан "А" тайпасында ойнойт


Футзал боюнча 2016-жылдагы Азия чемпиондугунда Кыргызстандын улуттук курама командасы "А" тайпасында ойнойт. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясынан билдиришти. Маалыматка караганда, 2-декабрда болгон чүчүкулак кармашууда аталган тайпага Кыргызстан менен кошо Өзбекстан, Ливан жана Сауд Арабиясынын командалары бөлүнгөн.

Чемпиондук наам үчүн Азиянын 16 өлкөсүнүн футзал боюнча улуттук курама командалары төрт тайпада таймашат. "В" тайпасында Иран, Ирак, Кытай, Иордания, "С" тайпасында Таиланд, Вьетнам, Кытай Тайбейи, Тажикстан жана "D" тайпасында Жапония, Австралия, Малайзия, Катар курама командалары бар.

2016-жылдагы Азия чемпиондугу 10-февралдан 21-февралга чейин Өзбекстандын Ташкен шаарында өтөт. Бул мелдеште жарым финалга чыккан төрт команда Колумбияда боло турган 2016-жылдагы дүйнө чемпиондугунун финалдык бөлүгүндө ойноого жолдомо алышат. (ECh)

XS
SM
MD
LG