Кыргызстанда жумуш издегендердин 32 пайыздан көбүн жаштар, алардын басымдуу бөлүгүн 28 жашка чейинкилер түзөт. Иш издегендердин экинчи тобу 36-45 жаштагылар. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин изилдөөсүндө айтылат. Ага ылайык, сурамжылоого катышкандардын 42 пайыздан көбү жогорку жана толук эмес жогорку билимдүүлөр. Көптөрү айлык аздыгынан өз каалоолору менен иштен кетишкен. Ошондой эле сурамжылоого катышкандардын жарымына жакыны каражат болсо өз ишин ачууга даяр экенин айтышкан. Бирок жеке ишкерлик менен алектенүүнү каалагандардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 20 пайызга кыскарган.
Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда учурда жумушсуздуктун деңгээли 8,3% түзөт. Бул эмгекке жарамдуу калктын 205 миңи ишсиз жүрөт дегенди билдирет. Былтыр катталган жумушсуздардын саны 180-190 миң болгон. Ал эми 2013-2012-жылдары бул көрсөткүч мындан да 50% азыраак болчу. (КЕ)