Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:06

Өзбек президенти кыздар эрте турмуш куруусуна каршы


Ислам Каримов
Ислам Каримов

Президент Ислам Каримов өзбекстандык кыздарды 19-20 жаштан кийин гана турмушка чыгууга чакырды. Анын сөзүнө караганда, кыздар мектепти аяктан соң кеминде дагы үч жыл билим алып, андан кийин гана турмушка чыкканы дурус. Каримов бул тууралуу Наманганга иш сапары менен барганда айтты. "Бул менин тапшырмам", - деген президент прокурорлорго анын аткарылуусун көзөмөлдөөнү тапшырган. Президенттин бул сөзү өлкөдөгү бардык телеканалардан көрсөтүлдү.

Кыздардын турмушка эрте узоосу Өзбекстандын чыгыш облустарында кеңири тараган. Бул аймактарда 15-16 жашында эле келин болгон кыздар көп кездешет.

Өзбек мыйзамдары кыздарга 17, жигиттерге 18 жаштан баштап үй-бүлө курууга уруксат берет. Бирок кыздарды жаштайынан күйөөгө берүү токтобой жатышынан улам бийлик 2013-жылы нике жашы боюнча мыйзам талабын күчөткөн. Анда жашы жете элек бүлө кургандарга эң төмөнкү айлыктын жүз эсеге чейинки өлчөмүндө айып пул төлөө, же үч жылга чейинки "кара" кызмат, же болбосо алты айга чейин камоо жазасы каралган.

XS
SM
MD
LG