Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Айтыш ЮНЕСКО тизмесине кирди


Белгилүү төкмө акын Аалы Туткучев кытайлык кыргыз журналисти Кенжегүл Карабай кызы менен.
Белгилүү төкмө акын Аалы Туткучев кытайлык кыргыз журналисти Кенжегүл Карабай кызы менен.

Кыргыз менен казактын айтыш өнөрү ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирди. Бул эл аралык уюмдун маалымат кызматы мындай чечим 2-декабрда Намибиянын Виндхук шаарында өткөн маданий мурастарды коргоо комитетинин жыйынында кабыл алынганын кабарлады.

Айтыш - кыргыз жана казак элдеринде кеңири тараган төкмө акындардын ыр таймашы. Кыргызстанда айтыш өнөрү соңку жылдары кайра жанданып, "Айтыш" фондунун колдоосу менен төкмө акындардын жаңы мууну өсүп-жетилди, бир канча жаңы ысымдар пайда болду.

ЮНЕСКОнун аталган тизмесине буга чейин Кыргызстандан Оштогу Сулайман тоо, “Манас” үчилтиги, шырдак, ала кийиз жана тарыхый аталыштагы байыркы Суяб, Баласагын шаарлары кирген.

XS
SM
MD
LG