Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:24

Майып балдардын энелерине акы төлөө жагы каралууда


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов билдирди. Анын айтымында, өкмөт учурда кимдерге акы төлөнүшү мүмкүн экенин караштырып, санап баштаганын маалымдаган.

Майып балдардын ата-энелери түзгөн уюм буга чейин энелерге мамлекет тарабынан акы төлөө маселесин көтөрүп келген. Алар баланы көп учурларда апасы багып калып, пенсия, айлык акыдан куру каларын белгилеп, мамлекет жетекчилерине бир нече ирет кайрылуу да жолдошкон.

3-декабрь - майыптардын эл аралык күнү. Кыргызстанда бул күнү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо максатында жер-жерлерде иш-чаралар өттү.

Өкмөттүн маалымдоосуна караганда, Кыргызстанда жалпысынан 165 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар, алардын 27 миңи жаш балдар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG