Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:49

Орусия Түркиядан Борбор Азияга келаткан жүктү тосту


Түркиядан Борбор Азия өлкөлөрүнө жүк ташып бараткан фуралардын жолун Орусиянын чек арачылары тосуп койду.

Грузия менен Орусиянын чек арасындагы “Казбек – Жогорку Ларс” чек ара өткөрмө бекетинин алдына жүздөгөн жүк ташуучу фуралар топтолуп калды. Түркиядан товар жүктөгөн бул фуралар Орусиянын аймагы аркылуу өтүп, Борбор Азия өлкөлөрүнө бараткан болчу.

Жер-жемиш жана күнүмдүк эл керектөөчү товарларды Түркиядан ташыган бул фуралардын көпчүлүгү Казакстан менен Кыргызстанга таандык. Бирок Орусиянын Чек ара кызматы бул фураларды себебин түшүндүрбөстөн токтотуп, чек ара өткөрмөсүнөн ичкери киргизбей койгон. Бул тууралуу даттанган айдоочулар тобунун айтымында, топтолуп кеткен фуралардын алды чек ара өткөрмөсүнө 26-ноябрда келген.

“Казбекте” бир жумадан ашуун убакыттан бери жолдун ачылышын күтүп жаткан казакстандык айдоочу Рузимет Ахмедов Орусиянын чек арачылары кайсы мыйзамдын негизинде аларды өткөрбөй кармап турганын түшүндүрбөгөнүн айтты:

- Биздин жүк Түркиядан жүктөлгөн деген негиз менен Орусия бизди чек арасынан өткөрбөй жатат. Бирок биз Казакстанга бараткан болчубуз. Биздин жүк Түркиядан сатылып алынды. Бирок ал Казакстанга таандык болуп калды да. Биз бул товарды Орусияга эмес, Казакстанга ташып баратпайбызбы. Эмнеге бизди кармап жатканын түшүнбөй турабыз. Түркия Орусиянын учагын атып салган үчүн ушундай болуп жатат дешет. Бирок биздин ага кандай тиешебиз бар?

Анткен менен алды бир жумадан бери чек ара өткөрмөсүндө токтоп турган жүк ташуучулардын сабыры качып турган учур. Себеби түнкү суукта күйүүчү майды үзгүлтүксүз жагып жылынууга мажбур болгон айдоочулар сатып алганга тамак-аш таппай, кыйналып кетишкенин айтышты.

Орусия кошуналарын да блокадага алдыбы?

Алардын абалына бир жумадан бери эч ким көңүл бурбай жатканына даттанган айдоочулар ар кимиси өз өкмөттөрүнө кайрылып, маселени тез арада чечип берүүнү суранышууда.

Кыргызстандык айдоочу Равшан Матаев жүк ташуу компаниясы Түркияга таандык болбосо деле Орусия өткөрбөй жатканын айтып, муну мыйзамды одоно бузуу катары белгиледи:

- Эгерде бул фуралар Түркиянын жүк ташуучу компанияларына караштуу болсо, анда мейли дейт элек. Бул жерде Кыргызстандын жана Казакстандын жүк ташуучу машиналарын эмнеге кармап жатканын билбейбиз. Биз болгону Орусиянын аймагы аркылуу транзит менен эле өтөбүз да. Жүк Орусияга кирбейт. Биздин товар Кыргызстанга барат. Эмнеге өткөрбөй койгонго укугу бар экенин бизге түшүндүрбөй жатышат.

Орусиянын бийлиги Түркияга киргизилген экономикалык санкциялардын аны менен соода байланыштары бар Казакстан менен Кыргызстанга кандай тиешеси бар деген маселеге жооп бере элек.

Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Евразия экономикалык биримдиги менен Түркиянын жүк ташуучу компанияларына чектөө киргизүү боюнча маселени талкуулай турганын билдирген. Бирок анда Түркиядан жүк ташыган Казакстан менен Кыргызстандын компаниялары тууралуу маселе көтөрүлгөн эмес. Бирок эмне себептен аталган эки өлкөгө таандык транзит менен бараткан фуралар чек арадан өткөрүлбөй жатканы түшүнүксүз.

Ошол эле учурда Кыргызстан менен Казакстандын бийлиги Орусия эмне себептен жүктү өткөрбөй жатканынан кабардар экени белгисиз. Кыргызстандын өкмөт башчысы Темир Сариев төө бурчакты Орусиянын аймагы аркылуу Түркияга жеткирүүгө уруксат алуу маселесин жыйында көтөргөнү белгилүү.

Орусия учактын атып түшүрүлүшүнө байланыштуу 25-ноябрдан тарта Түркия менен болгон байланыштарын үзө баштаган. Бирок Орусиянын союздаштары Кыргызстан, Казакстан жана Беларустун Түркия менен болгон соода-экономикалык байланыштары туурасында маселе талкуулана элек болчу.

XS
SM
MD
LG