Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

Белградда орус-түрк тышкы иштер министрлери жолугушту


Орус жана түрк тышкы иштер министрлери.
Орус жана түрк тышкы иштер министрлери.

Орусия жана Түркия тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Мевлют Чавушоглу бүгүн Белградда ЕККУ жыйынынын алкагында жолугушту. Кырк мүнөткө созулган бул сүйлөшүү 24-ноябрда Түркия орус аскерий учагын атып түшүргөндөн бери эки тараптын эң жогорку деңгээлдеги алгачкы кездешүүсү болду.​ Анда эмне сөз болгону азырынча айтыла элек.

Москва менен Анкаранын алакасы учак атып түшүрүлгөндөн бери кескин начарлап, тараптар бири-бирин айыптап келет. Түркия орус учагы өлкө аба мейкиндигин бузуп, бир канча жолку эскертүүлөрдү тоотпой койгон соң атып түшүрүлгөнүн айтса, Орусия учагы Сирия аймагынан чыкпаганын билдирүүдө. Буга удаа Москва Түркияга каршы экономикалык санкцияларды киргизди. Орус тарап Түркияны Сириянын бир канча аймагын басып алган "Ислам мамлекети" террордук тобунан мунай сатып алат деп айыптап келген. Муну четке каккан түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган тескерисинче бүгүн Орусиянын өзү аталган топ менен мунай соодасына аралашканына далил бардыгын айтып чыкты.

XS
SM
MD
LG