Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:02

Астанада ТүркПАнын жыйыны өтүүдө


Астанада Түрк мамлекеттеринин параламенттик ассамблеясынын 6-пленардык скессиясы ишин баштады. Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түрикянын парламенттик делегациялары Анкара менен Москва ортосундагы тиреш күчөгөн учурда чогулушту.

Орусия 24-ноябрда согуштук учагы түрк аба күчтөрү тарабынан атып түшрүлгөндөн кийин Түркияга каршы санкцияларды киргизип, Алтай, Башкырстан, Хакасия, Татарстан, Тыва жана Якутия жумурияттарына Анкарада жайгашкан эл аралык ТҮРКСОЙ уюму менен кызматташтыкты токтотуу көрсөтмөсүн берген.

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен түзүлгөн парламенттик ассамблея 2009-жылдан бери иштеп келатат. Өткөн жылы анын катарына Венгрия байкоочу катары кошулган.

XS
SM
MD
LG