Ооган аткаминерлери талиптердин лидери Ахтар Мансур молдо талаа командирлери менен жаңжалда ок жегенден кийин аман калган-калбаганын аныктоого аракет жасоодо. Ооганстандын вице-президенти Рашид Достумдун өкүлү Султан Файзи “ Ахтар Мансурдун тирүү же тирүү эместигин билүүгө аракеттенип жатабыз,” деп билдирди.
Султан Файзинин айтымында, кызуу талаш-тартышта талаа командири Абдулло Сардари молдо Ахтар Мансурду атып жиберген. Талиптердин өкүлү бул маалыматты төгүндөп, калпка чыгарууда. Бирок пакистандык чалгын кызматынын жогорку даражалуу өкүлү,1-декабрда Пакистандын Квета шаарындагы жаңжалда Мансур катуу жараат алганын тастыктаган. Ооганстандын аткаруу бийлигинин жетекчиси Абдулла Абдулла Ахтар Мансурдун жарадар болгону тууралуу маалымат ырасталганын, бирок анын өлгөнү белгисиз экенин ырастаган. Молдо Омар 2013-жылы өлгөндөн кийин талиптердин лидерлигине Ахтар Мансур молдо келген. (AiT)